Book Creator

Кыргыздын чыгаан инсандары

by e-Mugalim KG

Pages 6 and 7 of 25

Касым Тыныстанов
Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Чырпыкты айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Билими:
Тилчини атасы Тыныстан сегизге чыкканда айылдагы молдодон билим алууга жөнөтөт. Диний мектепте үч жыл арабча тамга тааныган соң Касым Тыныстанов Сазановка айылында башталгыч мектепте окуп баштаган. Бирок болочоктогу илимпоз үчүн айыл жергесиндеги жөнөкөй мектептер берген билим жетишсиз эле. Мындан улам 1914-жылы өз мезгилинин эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Каракол шаарындагы жергиликтүү орус мектебине кабыл алынат. Бул жерде орус тили, география, арифметика жана тарыхтан сабак алган.
1916-жылы эл менен кошо Тыныстанов да Үркγндүн запкысын тартып, ата-энеси менен Кытайга качкан. Бөтөн жерде жергиликтүү байларга жалданып иштеп, эки жыл жүргөн соң 1918-жылы өз мекенине кайтып келишет. Тыныстанов билим алууну улантууну каалагандыктан Ысык-Көлдүн Тепке айылындагы таякелеринин жанында калат. Бирок бул жердеги окууга ичи чыкпай, Ташкенттеги Агартуу институтунун даярдоо бѳлүмүндө окуган.

Иса Ахунбаев
Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган.
Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген.
Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-37).
1937-39-жылдары жазыксыз жерден Сталиндик абакта камалып жаткан. [1]
Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941) болгон.
1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948-52-жылы КММИнин директору.
1952-54-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы болгон.
1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Loading...
Loading...
Төрөкул Айтматов
Loading...
Айтматов Төрөкул - (1903, Олуяата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара-Буура району, Шекер айылы - 1938, Фрунзе) - саясий жана мамлекеттик ишмер. 1917-ж. орус-жергиликтүү мектебин бүтүргөн. 1920-21-ж. болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы жарды-жалчылар комитетинин секретары болуп иштеген. 1924-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1924-26-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926-29-ж. Каракол-Нарын округдук комитетинин, Жалал-Абад кантондук комитетинин секретары, 1929-31-ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай-соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борбордук советинин председатели, 193133-ж. партиянын Араван-Буура райкомунун 1-секретары, 1934-35-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун 2-секретары болуп иштеген. 1935-37-ж. Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Анын демилгеси менен 1926-жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» партиялык-саясий журналы чыга баштаган. Айтматов 1927-28-ж. республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. 

PrevNext