Book Creator

Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы

by Ширин Элебесова

Cover

Loading...
Элебесова Ширин Бекказыевна
Loading...
Алыкул Осмоновдун өмүрү чыгармачылыгы
Loading...
Бишкек 20202
Өмүр таржымалы
Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.
14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928 – 1933-жж. окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат.
1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

Туулган датасы: 21-март 1915-жылы
Туулган жери:
Чуй областы, Панфилов району, Каптал-Арык айылы, Кыргыз ССР.
Өлгөн датасы: 12-декабрь 1950-жыл
Өлгөн жери: Фрунзе, Кыргыз ССР
Жарандыгы: Кыргыз
Ишмердүүлүгү: Акын, прозаик, классик
Жанр: поэма, драма
Сыйлыктары: «Ардак Белгиси» ордени — 1966
Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.
Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт
Алыкул Осмонов
"Ата-Журт"
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
PrevNext