Book Creator

Манас

by Сурия Иманалиева

Pages 2 and 3 of 25

Иманалиева Сурия
Манас
Loading...

...
Эл чогулду жыйын болчу дөбөгө
Ак боз бээни курман чалды жалпы элге
Эт тартылып, берилген соң ак бата
Суроо менен кайрылды элге Хат ата

Тилегимди кабыл кылды Теңирим
Зарлап күткөн колумдагы перзенттин
Жаңылбастан бир өзүнө төп келген
Араңардан атын коет деги ким?

Эл арасы күбүр-шыбыр, толкуду
Бир аздан соң кеп айтылбай тынчыды
Баары тымтырс, үн жок, сөз жок, жер тиктеп
Ат табылбай, баштар желге шылкыйды

Аппак сакал, ак чапанчан, жыңайлак
Бир колуна аса таяк бек кармап
Дубана Ата үн чыгарып кардыга
Мына ошондо чыкты элдин алдына

Көп күттүрүп, аткарылып аруу тилек
Эл журтка тутка болчу ушул перзент
Төрөлүптүр аян менен анда демек
Аян менен келген атты коюу керек

Баатыр, шер төрөлөт деп күткөндүктөн
Жалпы элдин тилегинен бүткөндүктөн
Ааламдан келген аты МАНАС болсун!
Түбөлүккө аты өчпөгөн даңкка консун!

Оомийин деп жүзүн сылап, берип бата
Көздөн кайым болуп кетти Дубана Ата ...
10. 08. 2017
Loading...
Наристеге ат коюу
Loading...

...
Эл чогулду жыйын болчу дөбөгө
Ак боз бээни курман чалды жалпы элге
Эт тартылып, берилген соң ак бата
Суроо менен кайрылды элге Хат ата

Тилегимди кабыл кылды Теңирим
Зарлап күткөн колумдагы перзенттин
Жаңылбастан бир өзүнө төп келген
Араңардан атын коет деги ким?

Эл арасы күбүр-шыбыр, толкуду
Бир аздан соң кеп айтылбай тынчыды
Баары тымтырс, үн жок, сөз жок, жер тиктеп
Ат табылбай, баштар желге шылкыйды

Аппак сакал, ак чапанчан, жыңайлак
Бир колуна аса таяк бек кармап
Дубана Ата үн чыгарып кардыга
Мына ошондо чыкты элдин алдына

Көп күттүрүп, аткарылып аруу тилек
Эл журтка тутка болчу ушул перзент
Төрөлүптүр аян менен анда демек
Аян менен келген атты коюу керек

Баатыр, шер төрөлөт деп күткөндүктөн
Жалпы элдин тилегинен бүткөндүктөн
Ааламдан келген аты МАНАС болсун!
Түбөлүккө аты өчпөгөн даңкка консун!

Оомийин деп жүзүн сылап, берип бата
Көздөн кайым болуп кетти Дубана Ата ...
10. 08. 2017
Loading...
Loading...
Кошойдун кандагай издеткени
...
Күрөшөм Жолой менен деп
Камданып Кошой калды эми
Булкуп тартса чоюлган
Чоюлган менен айрылбай
Коё берсе жыйрылып
Ордуна келип отурган
Жумшак, бирок эң бекем
Дал өзүмө чак келген
Кандагай керек мага деп
Чамынып Кошой калды эми
Айкөл Манас шашыла
Кырк Чоросу жабыла
Кандагай издеп калышты
Табылган шымдар кашайып
Кошойго такыр жакпады
Кээ бирлери тар болуп
Кээ бирлери кең болуп
Чак келгенин караса
Бышыктыгы кем болуп
Мына ушинтип турганда
Айла кетип курганда
Кара жүздүн нурдуусу
Аялзаттын сулуусу
Акылдуу жана айлакер
Жакшылыкка себепкер
Каныкей эне ийилип
Кошойго карай жүгүнүп
Ушундай учур болорун
Күн мурунтан туюнуп
Камдап койгон кандагай
Кош колдо турду сунулуп

18. 09.14

Сыргак баатыр
Арыкчырай, чап жаак
Кырдач мурун, куш кабак
Кырк Чоронун эптүүсү
Шамдагайы эр Сыргак

Майданда жүрүп машыккан
Чалгында жүрүп дасыккан
Ак кызмат өтөп Айкөлгө
Баатыр Сыргак атыккан

Жоо алдын тосуп акмалап
Чет жакада көп жүрчү
Жебеге тагып шылдырак
Бутага таамай тийгизип
Жоо келгенин билдирчү
...
10. 02. 2014
Ырамандын Ырчуулу
Айкөлдү бардык жерде коштоп жүргөн
Куралган Кырк Чоронун бири болчу
Колунда комуз ойноп, ырдап турса
Айлана жандангансып, шаңга толчу

Кайкаңдап казды туурап, каздай басчу
Кыйкырып короз болуп, канат какчу
Өргүүдө жаткан кезде аскерлердин
Күлдүрүп, көкүрөктө черин жазчу

Көп шерлер Чоң Казаттан жазат тапкан
Ырчуул ал кыргындан келген аман
Бук болуп, көөдөнүнө толуп арман
Күйүттөн Айкөл ырын ырдап калган

2013. Декабрь
PrevNext